тайыз

китептерде 7 жолу, 5 китепте
  1. Терең эмес, тайкы, бийик эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Ороо казсаң тайыз каз, / Өзүң түшсөң, чыгарга” / Жер бетинин макалы, / Угуп алгын Кызылкыз, / Алдыңда келген кезимде, / Барбы, кызым, эсимде, / Айткан кепке тил алып, / Үч жыл жаттың үйүңдө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Оро казсаң тайыз каз, / Өзүң түшсөң чыгарга” / Оро казып Кененге, / Өзүм түштүм түбүндө, / Амалым кетип куурулуп, / Сарсанаа болдум бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Коңурбай күүлөп кеп берип, / Акылы тайыз Чынаача, / Арам итке эп келип, / Кыйбанын элин улутуп, / Талап алды дап берип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошондуктан терең да, тайыз да эмес өзүнүн мөлчөрү менен тилиш керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондон улам элде "бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүндүн чыгарыңа жакшы" деген макал айтылып калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →