тайпа
- Урук, уруу.
- Бөлүм, бөлөк-бөлөк, тарам-тарам.
- Жука кездеме.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Экинчи Лама кеңешти, / Минтип айта салганы, / Лама анда кеп айтат: / — Биз Тайпанга барганча, / Таң атып кетет, — деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калдыкты кайдан табам, деп, / Алдырап чыкты кайкаңга, / Бурут качан чыгат, деп, / Турган экен хан Калдык, / Туурасында тайпаңда, / Сүр көрсөтүп буруттун, / Чыкканын көр акыр, деп, / Маңгыттап Калдык бакырды, / Кыйрынан капыр качырды, / Чанданын көргөн мындайдын, / Бекбача кайдан шашылды…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жер алдына түшкөндө, / Жетимиш тайпа пери бар, / Кененим кайра келчүү эмес, / Кененим качан келет деп, / Келбеске кеткен немени, / Күйүп турчуу мен эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Султанымдын барында, / Мелүүнкү жатып уктадым, / Беш тайпа журтту туткамын, / Менде тоодон чоң арман, / Безилдетип ыйлатып, / Семетейге бир медет, / Перзенттин үнүн укпадым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ашка келген ошондо, / Бир жүз кырк төрт тайпа экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →