тайкы

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Кыска, тыкыр.
  2. өт. Терең эмес, үстүртөн, чолок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ир көк жалдуу ат минген, / Көпкөк темир кийинген, / Өңгө жандан бойу узун, / Көргөн адам өлгүндөй, / Ким көргөн мындай жумушун; / Сол жагында бирөө бар, / Кылы тайкы кулун жал, / Күмбөзгө тарткан сүрөттөй, / Мингени сулуу жылкыдан, / Тышкы жүнү кызылдан, / Туулгасын кырдаган, / Найзасын оңдоп ыргаган, / Кызыл чийки өңү бар,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Колуна найза курчту алып, / Күркүрөсө бул чочко, / Үнү күндөй угулат, / Жүрөгү тайкы адамдын, / Сийдиги агып чубурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жанып турса ал чырак, / Жүрөгү тайкы кишилер, / Жүрө албайт экен калтырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жүрөгү тайкы адамдар, / Корголоп аттын артына, / Жөө түшүшүп бүжүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →