таза

китептерде 35 жолу, 9 китепте
  1. Кирсиз, булганч эмес.
  2. Нака, нагыз, тунук, ачык.
  3. өт. Ак, иши ак ниет, күнөөсүз.
  4. өт. Соо, оорусу жок, мас эмес.
  5. өт. Таптакыр, өтө, абдан.
  6. Эң мыкты, улук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сасык туман боз болуп, / Талдынын бойу талаанын, / Ой-тоосунда таза жок, / Жеринин баары кан болуп, / Тете, Салаа, Каракөз, / Саранжа менен хан Калдык, / Айласын таппай маң болуп, / Башы айланып дал болуп, / Бүткөн бойу шал бол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Башыман өткөн ишим, — деп, / Байкап көрсөм балама, / Башка эмес кесели, / Чигитей окшойт билдим, — деп, / Мурун балам сак болсо, / Эртең менен сак копсо, / Кечээ күнү шашкеде, / Таза туруп жин тийсе, / Улам-улам кубулса, / Ичкен ашын билбесе, / Ашык эмей эмине? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Доораны токсон толуптур, / Жуугандарга тогуздан, / Баарына окшош болуптур, / Ыскат атын токутуп, / Жаназасын окутуп, / Аруулап таза жуудуруп, / Ак кепинге салдырып, / Айак-башын буудуруп, / Жасатын жерге жашырып, / Бүгүн мында түнө деп, / Он кишини жаткырып, / Уктатып койуп Үрбүнү, / Кыркына эли күтүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…менден алда канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло түшкөндөй болуучу элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Жокемдин сөөгүн таза жерге коем" деп, түлкү кийин этин жемекке зыңыйта жашырат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →