таз

китептерде 88 жолу, 9 китепте
  1. Чачты жыдытып түшүрө турган жугуштуу жара жана ушундай оорусу бар адам.
  2. Чачы жок адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бел болуптур Бекбача, / Абалаган таз кара, / Ашып учуп кеткисиз, / Томуруп адам жыга албас, / Тоо болуптур Бекбача, / Кайберен басып өткүсүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүркүт менен үкүнүн, / Таз кара менен жорунун, / Такыр этин жебесе, / Кашкулак, койдун терисин, / Дегеле киши билбесе, / Жапа кундуз, ит тери, / Жанына киши барбаса, / Кыркып койдун жүнд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тазкаранын кептери: / — Жыгылганда Тапактын, / Жарылыптыр беттери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Кыз баягы тазды ээрчитип, бир камыштуу саздын жээгине алып барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →