табыт

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Өлгөн адамдын сөөгүн салуучу, сөөгүн салып көтөрүүчү атайлап жасалган такта.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…салып, / Ичин жарып жинди алып, / Тазалап канын жуудуруп, / Катырма даары куйдуруп, / Каратып туруп Манасты, / Бакай ханга баш жагын, / Баркы менен жуудуруп, / Табытка салып Көкчөнү, / Үч жеринен буудуруп, / Намасын окуп Алмамбет, / Түн бойунча жөнөттү, / Көкчөнүн элине баргын, деп, / Кайран эрдин жасатып, / Агеркечтин колуна… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көкбөрү, Төштүк экөөлөп, / Бакай, Кошой – төртөөлөп, / Катырып койгон кылбото, / Кепинге аны салышты, / Табытына таңышты: / Таң атып чыкты аңгыча, / Каралөккө жүктөшүп, / Күмбөзгө алып барышты, / Алп Төштүк менен Көкбөрү, / Жайын койду кыл ташты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ич ачыр бенде бирөө жок, / Өксөп ыйлап көмөр жок, / Ак кепиндеп, аруу жууп, / Табытымды көтөрүп, / Көрүстөнгө жөнөөр жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайыптан экөө чайкады, / Караанын көрбөй башкасы, / Табыттан кармап көтөрүп, / Эр Гүлүстөн кашкасы, / Тийгени жок колдору, / Бакай менен Семетей, / Ал экөөнүн болжолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сур койон менен болгойуп, / Жамгырчынын өлөгүн, / Эптеп жыйнап алыптыр, / Табытка салып өңүрүп, / Таласына барыптыр, / Семетейдин Тай буурул, / Сакайып буту калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →