табып
- Сыркоо адамдын тамырын кармап, дарылоочу тамырчы, дарыгер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Араң турган арыктап, / Алты жыл жаткан табыптап, / Кыйкырган жоону көргөндө, / Көөнү өсүп жетилип, / Мурункудай семирип, / Тап бүркүттөй желигип, / Жерге батпай Майтору, / Жорголой басып элирип, / Майданга ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саа жолуккан кишинин, / Барлык иши билинди, / Илегер өзү чоң табып, / Эл ичинде киши эле, / Алдында келип ким айтса, / Ошонун кебин ээрчиген, / Ооп бермерээк ит эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бирине өзүн киргизип, / Бирине дары түшүртүп, / Бирине Гүлүс күттүрүп, / Туруп калды жылмайып, / Белдүүлүгүн билгизип, / Айлакер табып Момунжан, / Алты күнү дарылап, / Түгөнбөгөн сары суу, / Кан аралаш ириңи, / Калтырбады бирини, / Эсептеп жашын Гүлүстүн, / Далысынын кечирин, / Ченеп көрсө кес…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Күндө учуп абалап, / Токтосарттай байды таап, / Момунжандай табып таап, / Гүлүстөндү сакайтты, / Күн-түнү жок дабаалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Төлгөчү илгери ооруп, ага табып санаа берип, айыктырганы кылт эсине түшөт да, эшектин ээсин:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →