таала
- дин. Кудайдын, Алланын улуктугун, кереметтүүлүгүн көрсөтүүчү эпитет катарында колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каары катуу Чигитей, / Алда кандай укмуш, деп, / Анча-мунча кенебей, / Алла таала бендесин, / Кара мүртөс жаратат, / Мына мындай ченебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элинен азган элкинмин, / Эгем таала сен үчүн, / Элимди кырып желпиндим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калкың кабар албайбы, / Камын кылып турбайбы, / Же сайдырып жоголбой, / Же биз сайып жоготпой, / Качып барсак калдаңдап, / Бул барса кууп дардаңдап, / Атагы кыргыз ак калпак, / Тааланга кетип калбайбы?- / Деп, Гүлчоро болбоду, / Айтканын акыл ырас, деп, / Семетей менен Кара дөө, / Гүлчорого жол койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карабасаң сен мага, / Арамдык кылсам, мен сага, / Алла таалам өзү урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Большевик — бир элдин таалайына каршы жаралган калайман.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →