таажы

китептерде 34 жолу, 7 китепте
  1. Падышалардын, хандардын атайын баш кийими.
  2. Короз, үпүп ж.б. канаттуулардын башындагы желбирөөчү.
  3. астр. Күндүн жана жылдыздардын атмосферасынын эң сырткы бөлүгү.
  4. Галактиканы курчап турган жылдыздардын сейректелген заттардын сфера түрүндөгү булуту.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөнүмдө арман калбады, / Көмөрө сайып сени эч ким, / Чигитей, жыга албады, / Алдымда минген тагымды ал, / Үстүмдө таажы – багымды ал, / Айтылуу кебил шаарымды ал, / Алты дайра жеримди ал, / Андан кала бергенде, / Алты атадан бер жакка, / Жыйып койгон казына, / Жүктөтүп келип бар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саламаттын найзасын, / Ачакандын таажысын, / Ала кетти Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Болду, Ажым, болду, — деп, / Алмамбет, Чубак - эки шер, / Абаң Бакай кеменгер, / Сээрлүү таажы башында, / Сексен катчы кашында, / Серпөөлөнгөн эр Сыргак, / Кат жазуучу үстөлгө, / Катар барып олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Хандык такка минейин, / Алтын таажы кийейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Адил хан "ушундай элине кайрымдуу, бечарага дитин берген, эл үчүн туулган адамды өлтүрүүгө болбойт, биздин ичибизден чыккан бузукулар уруштурган турбайбы", дейт да Жоомартка таажысын кийгизип, тагына мингизип хан көтөрөт, өзү ага вазир болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →