сөөм

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Сөөмөй менен бармакты жазып жибергендеги аралык, өлчөм.
  2. өт. Анча-мынча, бир аз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алжыр доңуз акырып, / Бар кайратын бакырып, / Сайып өттү баланы, / Балык эттин сөөм жерин, / Жарып өттү баланы, / Соорудан канын чубуртуп, / Малып өттү баланы, / Чычалактай кызыл кан, / Чычаңынан куйултуп, / Жайып өттү баланы, / Бөйрөккө найза жетпеди, / Анчалык тийген найзага, / Аңтарылып кетпеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көтөр, балбан, көтөр деп, / Көзүңдү ачкын неттиң деп, / Кайратың кайта кетти деп, / Качырып келип Куларып, / Сөөм болжоп найзаны, / Түктүү куртту бир сайды, / Тартып алып найзасын, / Алып Бозойду бир сайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кара ниет калмактан, / Эр Сүйүнгө сайылып, / Карчыганын балык эт, / Сөөм жери жарылып, / Үзөңгүдөн бут тайып, / Ээрден көчүк кылтайып, / Ооп барып жыгылды, / Аксаргылдан кыйшайып, / Сапта турган Бактыбай, / Таакат кылып туралбай, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жети кабат көзү бар, / Ак седептен тышы бар, / Ичи өрттөй кызарган, / Тартып койсо кынабын, / Кере беш сөөм узарган, / Оңдоп кармап Каныкей, / Кара көзгө салды эле, / Өлчөп карап калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– деп, Чыныбекти оймок кылып сөөмөйүнө салынып, көйнөгүнүн этегин кайып олтуруп алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →