сөк2

китептерде 61 жолу, 7 китепте сөк 1 →сөк 3 →
  1. Тигишти ыдыратуу, ажыратуу.
  2. Кабыргаларды ыдыратып омуруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүлүп, / Жарк дей түшүп ачылып, / Бекбачанын торуна, / Жеткендей болду асылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ын учу кылтайды, / Балта колдон бош кетип, / Жерге түштү так этип, / Кайра айланып Кененим, / Ач билектен кармады, / Тамандай түшүп силккенде, / Кармаган колун сөгөрдөн, / Солдойтуп сууруп алганы, / Сойуп жайган талпактай, / Жайылып жатып калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай түрүлүп, / Жер килити сөгүлүп, / Көргөндүн көөнү бөлүнүп, / Көбү калды букара, / Гүлчородон түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →