сүттөй

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Сүт сыяктуу ак, аппак, таза, күнөөсүз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тобо кылып сыйынып, / Томук кылып ийилип, / Аксарбашыл кой арнап, / Сүттөй аппак төө арнап, / Арнаган малын арбакка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
көп элдин, / Ыйлаганын көргөндө, / А дүйнө кеткен Манасты, / Арбагың менен колдо, деп, / Сыйлаганын көргөндө, / Садага чапчуу эчкисин, / Аксарбашыл уйларын, / Сүттөй аппак бээлерин, / Жыйнаганын көргөндө, / Эркек- айал, карысы, / Уул- кыздын баарысы, / Жамгырдай жашын төгүшүп, / Ыйлаганын көргөндө, / Унутулбай Манасты, / Кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүттөй болгон аппак таш, / Бут тийгенде кылдырап, / Биринен бирге өткөндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дайра болуп кечирсек, / Ниетим эми ак сүттөй, / Дабан болуп ашырсаң, / Жетисуу жете барайын, / Жеринен орун алайын, / Жеткилең тууган Гүлчоро, / Ал келгенче багайын, / Керек десе Момунжан, / Куландын сүтүн табайын, / Куунун этин кааласа, / Айанып кантип калайын? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ирегелеш бир конгон, / Жайытта малы бир болгон, / Сандыгына зар толгон, / Санаасы сүттөй ак болгон, / Казактан канча хан өткөн, / Кытайдан келген Алмамбет, / Кылымдан ашкан зал өткөн, / Нойгуттун ойон Чубагы, / Оорагы артык будагы, / Желиксе жеңген… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →