сүрөт1

китептерде 70 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин элеси чагылышы, көрүнүшү, кебетеси.
  2. Кагазга же башка нерсеге түшүрүлгөн бир нерсенин элеси, кебетеси, көрүнүшү, сөлөкөтү, фотокарточка, иллюстрация.
  3. өт. Шапыйып өңүнөн азган кебете, абдан арыктаган кебете, өң.
  4. сүйл. Абдан сулуу, карап эле турарлык, кооз.
  5. Драмалык чыгармаларда жаңы декорацияны талап кылуучу көрүнүшү, көшөгөнүн бир бөлүгү.
  6. Жүгөрүнүн сотосунун жаңыдан дан байлай баштаган, бирок сүт толо элек кези.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кийгени көпкөк темирден, / Сүрөтү киши шекилдүү, / Кеми жок бойу сеңирден, / Үңкүр кабак, кең таноо, / Ичине эңшер, дүмчүк бел, / Кишиден башка неме экен, / Турган жерден бурулуп, / Кел Чигитей, кел! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Орто бойлуу болтогой, / Бети дулук томтогой, / Бул бадырек сүрөтү, / Түк адамга окшобой, / Мурду кечкил чокмогой, / Далысы кең, кууш айак, / Чокмор ооз, кир кабак, / Жалпак маңдай бир кулак, / Кулагындай эшектин, / Маңдайда турат салбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өтмөктүн шору сеңирге, / Мелчемдүү жерге тургузган, / Сыйынчу сүрөт темирге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Тирүү олуйа зор Кошой, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Ойрон Көкчө, Музбурчак, / Жаактуудан адам жанашпас, / Кызыл тилдүү Ажыбай, / Сүрөтү анда” деп айткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Барса, кыздар айткандай сууда бир сүрөт турат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →