сүрө

китептерде 33 жолу, 10 китепте
  1. Коштоо, ат жарышта атты коштоого алуу же дем берип, кыйкырык-чуу салуу, сүрөөнгө алуу.
  2. Кубаттоо, кубаттап коштоп кетүү, кайрат берүү, сүрөөн салуу.
  3. Алга чыгаруу, алга үндөө, дем берүү, илгерилетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колун серпкен күү менен, / Сүрө эки бута атым, / Учуп кетип калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саанына бөлдүрүп, / Сүрөгүн алды кыргыздар, / Ээсинин колу тийбеген, / Жүрөгүн алды кыргыздар, / Жарышып шамал жетпеген, / Канаттуу качып кетпеген, / Жүйрүгүн алды кыргыздар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жердин бети чаң болуп, / Көздөрүнүн жээгине, / Сүрө кочуч туз толуп, / Уккан- көргөн кишиге, / Бир укмуштуу иш болуп, / Камчы менен салышып, / Жаагын жара чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Муштум менен койушуп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Алла акбар” айтканда, / Сай күлүк кайра тартканда, / Беш күндө келет бул жерге, / Шиберден бери эңкейе, / Атыңды таанып эл сүрө, / Изчи барбы көп элде, / Калтырбастан бергиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө, талыкшып көзүн жумду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →