сүрсү
- Туздалып, көпкө сактоого ылайыкталып кургоо (сүр эт жөнүндө).
- өт. Эскирүү, көпкө жатып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кенендигин билгизди, / Султанга суп тон кийгизди, / Сүрсүгөн эттен жегизди, / Суу-сууда жаткан жоолордун, / Сууруп келип жылкысын, / Сур жорго атка мингизди, / Султандыгын билгизди, / Ыңырчаксыз казакка, / Ак каңгы ээр т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…райт, деп, / Тазбайматты колго алды, / Атын берип алдады, / Эбине аны келтирип, / Тонун берип жалдады, / Эшиктен кирсе шарт туруп, / Урматтап көпчүк салганы, / Сүрсүгөн эттен дайардап, / Тапканын туура кармады, / Аты-тону турмайлык, / Өздөрүн айап калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Беттеше турган кези, деп, / Кечири үчүн сойулган, / Көп төөлөрдүн өркөчүн, / Учтары кесип койулган, / Жыйдырып жүргөн Момунжан, / Көгөрүп кеткен жыттанып, / Сүрсүгөн койдун куйругун, / Аралаштыра сызгырып, / Тым кезинде буудайды, / Сууга таза жуудуруп, / Күнгө жайып кургатып, / Казанга таптап куурутуп, / Адамдын күчү өтсүн …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Казы-карталар сүрсүп, тоңгон муздай буртуюп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →