сүрдө

китептерде 31 жолу, 8 китепте
  1. Сүрүнөн жалтануу, жазгануу, апкаарый түшүү, кысылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыз өзүм аламын, / Моңгул, манжу, таңгытты, / Кытайды кошо жүдөтүп, / Койо берген болчумун, / Атка минер немесин, / Байакында сүрдөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Ыйлабагын, арам ит, / Баатыр болбой жерге кир, / Семетей дедиң билбедим, / Кыргыз дедиң сүрдөдүң, / Түшүндүрүп жакшыраак, / Мага толук сүйлөгүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үнүн уккан Мурадил, / Айбатынан сүрдөдү, / Барсаң баргын мурда, деп, / Жолдон чыга бергени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалаң чапан жалгыз баш, / Сен мактаган Сейити, / Менден сүрдөп тартынар, / Алы канча Сейитим, / Аскери жок жанында, / Же жакын эмес айлына, / Кылычымды майлайын, / Агызып суудай канына, / Башын уруп жүгүнүп, / Өзү келет алдыма. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кан ичмеден сүрдөбөй, / Алдындагы Сур атты, / Айлантып кайта имерип, / Бекемдеп кармап балтаны, / Балага кары теңби — деп, / Беттешип бала барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →