сүрдүү
- Сүрү бар, сүрү катуу, айбаттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайра тартпай көрүшкөн, / Кажыбай турган эр болсоң, / Сундуруп найза тартпагын, / Сүрдүү баатыр сен болсоң, / Мен деле куруп калайын, / Кайратым сенден кем болсом!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ойон Чубак баатырың, / Орунсуз качкан оогандын, / Артынан жете барганы, / Ажыдаар сүрдүү Чубакка, / Кутулуп кете алабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен адамга, / Арсалаңдап күлбөгөн, / Күлгөнүн киши көрбөгөн, / Күлбөгөн менен Семетей, / Адал пейил, адал сөз, / Шамдай жанган эки көз, / Адамдан нурдуу деп уккан, / Азыркы жүргөн алптардын, / Баарысынан сүрдүү деп, / Карааны көзгө токтомдуу, / Алп мүчөлүү деп уккан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алп Коңурбай баатырың, / Айбаты сүрдүү капырың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикийген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме — пристав.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →