сүрдүк

китептерде 22 жолу, 5 китепте
  1. Сүрүлө мүдүрүлүп кетүү, бараткан күүсүндө бутун сүйрөй жыгылуу, сүрүлө жыгылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аралап кирген жеринде, / Болот менен кайсалап, / Туулга кийген немесин, / Балта менен талкалап, / Сүрдүгүп келген немесин, / Найза менен көмөрүп, / Өжөрлөнүп Бактыбай, / Өчөшүп кирди көгөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…а жерди май кылды, / Коросон менен испанга, / Кең дүйнөнү тар кылды, / Бөлүнүп чыкты эл үркүп, / Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп кетиптир, / Жүз жетимиш сүрдүгүп, / Ат ойнотуп сыздырып, / Эр Бактыбай бараткан, / Көрө салып Ачакан, / Байкап турган кашаттан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сүрдүгө түшүп оңолуп, / Ооздукту буратып, / Кирген жерде жок болду, / Сүрдүгө түшүп токтолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сүрдүгүшүп, колбушуп, / Далай калмак алдынан, / Тосуп чыкты топтошуп, / Эстүүсүнөн эки-үчөө, / Сомбилекке жолгошуп: / — Качкан жок Ойрот, элдер бар, / Атка минер абал жок, / Бүткөн бойу жарадар, / Мейлиң баргын, мейлиң кой, / Бүгүнкү абал ошондой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →