сүйө

китептерде 28 жолу, 9 китепте
  1. Жөлөө, таёо, жөлөй кармоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мадыбек уулга угузар, / Уламалап угушар, / Куда болуп келишсе, / Сенин жигит сүйөөр кызың бар, / Энеси бар узатар, / Зулпукан бизге байбиче, / Кыска колу узарар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Олтурарга орун жок, / Көчүк койор токум жок, / Керегеге сүйөнүп, / Туруп калды бир демге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Азыраак жалын жагылбай, / Бирөөнү бирөө сүйөбү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кош колдоп сүйөм барганды, / Ойноп жаткан тынч элдин, / Ойнун бузган эр барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ушундай жымжырттыкта табияттын сулуулугун карап отурганды сүйөр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →