сүйүнүч
- Кубаныч, кубангандык, сүйүнгөндүк, көңүл көтөрүлгөндүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жер, келчү эл, / Ошолорду белгилеп, - / Хан Үрбү мындай айтканда: / — Айланайын абаке, / Акылдын кени береке, / Жеткирдиң эми тилекке, / Жатса уйку кангысыз, / Сүйүнүч кирди жүрөккө, / Көөрүктөн чыккан ширөөдөй, / Курч байладың билекке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Сүйүнүчү койнуна батпай, балапандарынан:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар үйлөрүнө чуркап келишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →