сүйүнчү
- Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз.
- Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачадан кеп угуп, / Кайненеси баатырдын, / Эркек бала тууганын, / Сүйүнчү деди перилер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүйүнчүң болсо бергин, деп, / Темир шааны жеңдим, деп, / Ырысканга барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Экөөнө тең бала жок, / Сүйүнчү болду аларга, / Шуутуну кошуп жиберди, / Кең Таласка барарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Заңкайган тоону жаңыртып, / Жарышып келе жатканбы, / Сүйүнчү кебин айткалы, / Баатырыңдын жанында, / Боолук салчу аргамжы, / Каршыра тиштеп аргымак, / Капчыгай менен салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →