сүйрө
- Жер же башка бир нерсенин үстү менен сүйрөлгөн, андан бөлүнүп, ажырап кетпеген абалда жылдыруу, ушундай абалда алып өтүү.
- өт. Аракет кылып алып чыгуу, тартуу, жетелөө, алдыга карай үндөө, умтултуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өлбөй калган отуздан, / Он беши чокмор күүлөшүп, / Он беши найза сүйрөшүп, / Дабытайлап бакырып, / Майдандын бети жаңырык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайда кеттиң кармагын, / Канча желдет жолдош, — деп, / Кан кылбай кийимин алгын, — деп, / Кабакка сүйрөп салгын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Карышкыр макул болду да, Боз Бээни араңдан-зорго баткактан сүйрөп чыгып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →