сүйлө
- Бир нерсе жөнүндө сөз кылуу, кеп салуу, сөз менен пикирин билдирүү, айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, / Сүйлөп кетет какылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карып калган окшойсуң, / Кайсоолойсуң көп сүйлөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ар бир сөзүн кылдаттап ойлоп сүйлөйт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →