сүй
- Ашык болуу, эркек аялды же аял эркекти жактырып, көңүлүн алып калуу, сүйүүгө берилүү.
- Жакшы көрүү, кадырлоо, урматтоо.
- Бир ишти же бир нерсени каалап калуу, ошого берилип калуу, жактыруу.
- Өбүү, жыттоо, эркелетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…/ Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турбай суйулуп, / Чаң созулта качканын, / Найзага илип ыргытып, / Топтуу караан көп элди, / Айдап кирди чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жүздү күндөй жаркыган, / Сөзү сүйкү шыкыр бал, / Бендеден туулуп бир келген, / Экинчи келбейт мындай жан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Сүйтсе да аныгын билмей чыккансындар гой,— деди бизге өзү бир камсыз болуп бара жаткан кишидей.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →