сүз1

китептерде 37 жолу, 8 китепте сүз 2 →
  1. Мүйүзү менен челип алуу; башы менен бир тийүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Байлоодо туруп бакырып, / Билектерин түрүшүп, / Бирин бири качырып, / Карс дедире сүзүшүп, / Байлоодогу алтымыш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Этектерин түрүшүп, / Сүзүшкөн уйдай сүрүшүп, / Күнү-түнү дем албай, / Так ушундай жүрүшүп, / Күнү түнгө уланып, / Түнү күнгө айланып, / Жана тийип күн жарып, / Алмамбет менен Борончу, / Азыктанбай дем албай, / Кайра минди бул экөө, / Аттарына жармашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
тартып алганда, / Жыгылды жерге дүп этип, / Салмагынан Чанактын, / Жер козголду сүлк этип / Минген керки маш экен, / Томураңдап келгени, / Сейитини сүзгөнү, / Сүздүрбөстөн Сейити, / Сала берди олотун, / Мүйүзү тийип керкинин, / Тоодой дөбө түздөлдү, / Дөбөдөн өтүп кеткени, / Керк Сейитке жеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Шалак-шулак жалтылдап, / Сууну бойлоп кундуздар, / Сүзүп барат кылкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Төө ойлонуп: "Бул көп олжо экен, булардын коюн алыш керек", – деп өзүн он койго баалап, тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →