сүбөө

китептерде 27 жолу, 8 китепте
  1. Кабыргалардын бүткөн жериндеги кыска чемирчек сөөк; дененин ошол бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

деп, / Баатыр ураан чакырып, / Бардап үнүн бакырып, / Кый сүбөөгө найзасын, / Уруп өттү качырып, / Катуу урган найзаны, / Дөнө тийген үстүнө, / Кабаттап темир канчаны, / Ал Сыргактын найзасы, / Тепчип өттү анчаны, / Аңтарып аттан түшүрдү, / Орто тоодой барчаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыйар капыр кектенди, / Кыйамына келгенде, / Кыргыздын кыраан баатыры, / Кыйкырып ураан чакырды, / Кый сүбөөдөн бир сайып, / Кытайдын шорун катырды, / Токтоо кылып турбастан, / Башын кести капырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алымсарык жаш арстан, / Кагып ийип найзасын, / Кый сүбөөдөн бир сайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кекенип кетсе күркүрөп, / Булгап найза колго алып, / Катуу тийди бадырек; / Карап Көкүл турбады, / Тоодой болгон Кесенин, / Кагып ийип найзасын, / Кый сүбөөгө муштады, / Колу күчтүү артык эр, / Жыйырма беште кеменгер, / Томоро сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзасын оңдоп алганча, / Кудай бетин нары кыл, / Кужулдаган бу калмак, / Куу найза менен сайганча, / Чукул жерден качырып: / “Кый сүбөөгө сайам, — деп, / Найзанын учун батырып, / Өлтүрөмүн эми, — деп, / Кыргыздын шорун катырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →