сээр3
- Ийин менен моюндун кошулган жери.
- Аттын өркөчүнүн алды жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калыбектин кебине, / Кененим жообу бул экен, / Жеткире айтып сээрине: / — Барсаң баргың, Калыбек, / Барып келгин элиңе, / Убадаңа бекем тур, / Калпайтпастан кебиңе, / Ким жесин сенин тамагын, / Итим барбайт үйүңө, / Убадаңды бекемде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Болду, Ажым, болду, — деп, / Алмамбет, Чубак - эки шер, / Абаң Бакай кеменгер, / Сээрлүү таажы башында, / Сексен катчы кашында, / Серпөөлөнгөн эр Сыргак, / Кат жазуучу үстөлгө, / Катар барып олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылчайып карап болгунча, / Тапан ханды белинен, / Бөлө чапты Куткарбас, / Түбү пастын баласы, / Тегине кетти сээри пас, / Өлгөн ханга карабай, / Кайта ордуна олтурду, / Шумурайды колтуктай, / Тапан хандын аскери, / Сейитти карай жөнөдү, / Куткарбаска унчукпай, / Жакшы-жаман кеп кылбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жыйырма миң сээр алтынды, / Үмүтөй берип салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Казактан канча хан өткөн, / Кытайдан келген Алмамбет, / Кылымдан ашкан зал өткөн, / Нойгуттун ойон Чубагы, / Оорагы артык будагы, / Желиксе жеңген баарыны, / Сээрлүү кийген тажыны, / Кылымдын баары макташат, / Кыргыздан Сыргак баатырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →