сыңар
- Бир, жалгыз, жалкы, көбүнчө кош нерсенин бири, түгөйү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сооту жок, олпок жок, / Солкудаган Кененим, / Туулга жок, калкан жок, / Калдаңдаган Калыбек, / Күч ортосун сынар кез, / Кимиси өлүп, ким жеңет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кубатым жетсе жыгармын, / Жыгылып калсам жаш чырпык, / Ийилбестен сынармын, / Эки түлөк боло элек, / Кимге болор убалым?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…аны чапты деп, / Алгараны бек кармап, / Алооке уулу жатты деп, / Кылжейрен алып калгамын, / Сайышка минсем бекен, деп, / Бербей койсом атымды, / Баатырдын шагы сынар, — деп, / Бул бойдон минсе арстаның, / Өзүмдү да, атымды да, / Жаманатты кылар, — деп, / Арам өлсүн Кылжейрен, / Асыйы кыркта бар эле, / Карт муун болгон чагы …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Маңдайда будур кара тоо, / Аркы бети баарысы, / Капчал-капчал терең тоо, / Бейлебей барган бенденин, / Бели сынар жери ошо, / Түгөнүп калбай түтөгөн, / Барган сайын күчөгөн, / Түптүү кытай эл ошо, / Айласы арбын амал көп, / Хан Коңурбай эр ошо: / Кандыргалап качпасын, / Ат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →