сыр2

китептерде 771 жолу, 10 китепте сыр 1 →сыр 3 →
  1. Ички ой-пикир, жашыруун сактаган ой-пикир, ички сезим.
  2. Айтууга, жарыя кылууга болбой турган жашыруун маалымат, кабар.
  3. Кандай экени али билине элек белгисиздик, табышмактуулук, касиеттүүлүк.
  4. Кулк-мүнөз, кыял-жорук, өздүк (жекече) сапат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жашырбай, баатыр, сырыңды айт, / Эмне болсо чыныңды айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…өрө сайбай боорунан, / Кабылдай сайган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай му… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каргалдайды сен балам, / Ордонун башы бол деди, / Кутубай менен Торсолдой, / Балдардын көрүп урматын, / Үйүңдө жыргап жат, деди, / Ушундай кеңеш кеп болсо, / Ички сырды айт, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →