сыр1
- Бузулбай көпкө сакталып, сапатын жоготпоо, көрктүү болуу үчүн жыгачтан, темирден ж.б. жасалган буюмдарды, курулуштун бөлүктөрүн, машиналарды ж.б. сырдоого жумшала турган боёк заты.
- Ушундай зат менен сырдалган, кооздолгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырбай, баатыр, сырыңды айт, / Эмне болсо чыныңды айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…өрө сайбай боорунан, / Кабылдай сайган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай келет бүт мында, / Кай му…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каргалдайды сен балам, / Ордонун башы бол деди, / Кутубай менен Торсолдой, / Балдардын көрүп урматын, / Үйүңдө жыргап жат, деди, / Ушундай кеңеш кеп болсо, / Ички сырды айт, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →