сырттан2
- Жомоктордо айтылуучу качырганын куткарбас, короого сак, мыкты ит.
- өт. Баатыр, эр жүрөк, чыгаан, мыкты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алып келип кагазын, / Мадыбекке беришти, / Мадыбек алып кагазын, / Чигитейге окутуп, / Бастырмак болду жаш баатыр, / Баарысын сырттан коркутуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…сем, / Шишик басып кетерин, / Аны ойлоп билбесем, - / Буйрук кылды Кызыл алп, - / Вазирлерди чакырган, / Оңдоп мени жаткырган, / Теңин ичтим ичимен, / Калганын сырттан чаптыргын, / Алтымыш батман таш батчуу, / Кайыштан куржун таптыргын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ал болсо үйлөргө кирбей туруп, абалы сырттан шыкаалап, ичин байкап алуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →