сырт

китептерде 54 жолу, 10 китепте
  1. Ички тарапка, ички бөлүккө карама-каршы жак, тышкары жак.
  2. Бир нерсенин тышы, тышкы бети, кабатталган, катмарланган нерсенин эң сырткы бөлүгү.
  3. Оолак болгондук, сырткары тургандык, катышы жоктук.
  4. Өз көзүнчө эмес, өзүнүн катышы, аралашуусу жоктук.
  5. Бир жагы миздүү куралдын мизине карама-каршы келген экинчи жагы.
  6. Бийик тоолуу жерлердеги бөксөлөр, бөксө тоолор, адырмак сымал жерлер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Булардын баары ойдуңда, / Каркыра түндүк сырт жакта, / Анча-мынча ат жетпейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
жатканда, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Качканы болсо кой дебе, / Качпаса калмак ой дебе, / Арагын берсе ичпегин, / Айлына барып түшпөгүн, / Сыр алдырып көрүнбөй, / Сыртыңды салып дүңкүйбөй, / Ыраактан байка иттерди, / Жакшылыкты билеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жана айтса жана кеп, / Канчородон сураса, / Байакы айткан ошо кеп, / Элдер турат чуркурап, / Атынан айтпай Бакайды, / Олуйам бизге бергин, деп, / Кетели деп кескилеп, / Өлтүрүп ийсек экен дейт, / Боор сыртка тепкилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан приговор жасап, он жетини он тогуз кылып, кыркты отуз кылып каттап берип отурасыңар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →