сыргак

китептерде 395 жолу, 8 китепте
  1. Тоодогу сыдырым жел.
  2. Сак, шырп алдырбаган, сергек.
  3. Энчилүү ат.
  4. аңч. Көңөсүндө тик кеткен жырыгы бар эң кыраан бүркүттүн бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Айкөл Манас көкжалдын, / Арбагы жардам бергин, — деп, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Баатыр Сыргак кеменгер, / Олуйам жардам бергин, — деп, / Өлбөй тирүү кетти деп, / Элдер айтып жүрүшөт, / Карыйа Бакай кеменгер, / Арбактуу Семей атам кел, / Адамдан артык ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Манасчылар кеп айтат: / “Айкөлүм, Бакай кеменгер, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Өткөзө Сыргак чабендес, / Өлүмдөн коркпос эрендер, / Кызыл тил элден бир башка, / Ырамандын Ырчы уулу, / Ажыбай сындуу чечендер, / Түшүмө кирет” – деп айтат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгызек сынап олтурат: / — Жетисуудан жем жеген, / Желбегей Сыргак ушу, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…мдан ашкан зал өткөн, / Нойгуттун ойон Чубагы, / Оорагы артык будагы, / Желиксе жеңген баарыны, / Сээрлүү кийген тажыны, / Кылымдын баары макташат, / Кыргыздан Сыргак баатырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →