сырга
- диал. Кой-эчкинин мойну же кулагында табигый түрдө жолугуучу тоголок өсүндү.
- Кооздук үчүн кулакка салынуучу алтын, күмүштөн, асыл таштардан ж.б. жасалган жасалга, сөйкө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кереге-уугу жыгачын, / Кызыл сырга сырдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атым менин Балта дөө, / Сага камдап жүргөнмүн, / Кийериңе күрөөкө, / Эми сырга келебиз, / Сөз чыгарба бирөөгө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш коштум бүгүн сиз менен, / Сырга келиң биз менен, / Кармашып жүрүп картайдым, / Канчоро деген ит менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мындан мурун сырганак көрө элекмин.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →