сыпай2

китептерде 3 жолу, 2 китепте сыпай 1 →
  1. Өзөндү, дарыяны бөгөй турган үч буттуу шаты жыгач. Бул үч буттуу шаты жыгачтын арасына чырпык, куурай салып, таштар менен бастырып сууну бөгөгөн. Бул илгерки замандан бери дыйкандардын суу бөгөө ыкмасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачыган айран, каткан нан, / Күңдөр койду Гүлүскө, / Ар ким айран калгандай, / Болуп жаткан бул ишке, / Куттуу Талас тушу, деп, / Ичпесем кесир ушу, деп, / Ээрдин малып ак татып / Кол тийгизип нан татып, / Козгоп сөздү сыпайы, / Гүлүстөн турду муну айтып: / — Амансыңбы, Канчоро? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бирок мындан сыпайы сөздүн кереги да жок эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бүгүн мындан башка конор жер жогун далилдеп, бүгүнчө түнөп кетели дегенди сыпайы сөз менен келтирип «аке, жаке» дегенге чейин бардык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →