сын2

китептерде 294 жолу, 10 китепте сын 1 →
  1. Бүтүн нерсеге сынык пайда болуу, бөлүнүп, ажырап кетүү, бүктөлүп жик кетүү, жарака кетүү.
  2. өт. Уят болуп калуу, көңүлү, деми сууп калуу, деми кайтуу, бөөдө чыгымга, зыянга учурап калуу, мүдөөсүнө жете албай уят болуп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе жаткан Калдыкты, / Көрүп кетти Козубек, / Найзасын күүлөп сындырып, / Койуп кетип Козубек, / Манастап баатыр бакырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Беттешип көрдүм башында, / Белимди такыр сындырдың, / Бежайлык кылып өчөшүп, / Белдүүнүн баарын кыйдырдым, / Душманга салсаң жараймын, / Такалышкан тар жерде, / Ар иштин эбин табамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →