сын1

китептерде 294 жолу, 10 китепте сын 2 →
  1. Бир нерсенин, иштин сапаты же кандай экендиги жөнүндө жүргүзүлгөн талдоо, айтылган пикир, берилген баа.
  2. Сапат, келбет, сымбат.
  3. Көөдөн, көкүрөөк сөөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе жаткан Калдыкты, / Көрүп кетти Козубек, / Найзасын күүлөп сындырып, / Койуп кетип Козубек, / Манастап баатыр бакырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Беттешип көрдүм башында, / Белимди такыр сындырдың, / Бежайлык кылып өчөшүп, / Белдүүнүн баарын кыйдырдым, / Душманга салсаң жараймын, / Такалышкан тар жерде, / Ар иштин эбин табамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эки асыйда бир тууду, / Кулуну кара туулду, / Кара тай сулуу мал болду, / Тулпарлык сыны бар болду, / Ар кайдан сурап эл келип, / Кулагым ызы-чуу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кам орбодум буудайын, / Сындырбадым куурайың, / Ак куржунуң ачпадым, / Ак теңге пулуң чачпадым, / Жакшы-жаман экен деп, / Артыңдан сени айтпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →