сынык1

китептерде 49 жолу, 9 китепте сынык 2 →
  1. Сынып калган, жарака кеткен же кетилип калган жери бар, бүтүн эмес.
  2. Нерсенин сынган бир бөлүгү, бүтүн нерседен ажырап, бөлүнүп калган бир бөлүк.
  3. өт. Дененин сынган жери, сынуу аркылуу болгон илдет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отор таамай үч жылы, / Онтоодон башын көтөрбөй, / Эли келип чогулуп, / Эптеп иле кылышып, / Колу менен бутунун, / Сыныктарын таңышып, / Кулагына жаргактан, / Үйлөп туруп калдайтып, / Кулак кылып тагышып, / Тердебеген жай күнү, / Тура берет жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тараша кетип быркырап, / Сыныктары асманга, / Учуп жүрөт чыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Селдей душман каптаса, / Селт этпей жалгыз кирген бар, / Сыныгын сыртка чыгарбас, / Сыр алдырбас кылдат бар, / Уйкудан кечип эл сактап, / Кызмат кылат мындайлар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кылычтар сынды кыңгырап, / Сыныгы жатат кылдырап, / Найзалар сынды быркырап, / Темири жатат жылтырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаракка жарак тийгенде, / Сыныгы жерде жалтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →