сынчы

китептерде 44 жолу, 6 китепте
  1. адаб. Адабий сын жазган автор. Ал көркөм чыгармада жаап-жашырылып айкын көрүнбөгөн, түздөн-түз айтылбаган, көзгө сайып көрсөтүлбөгөн нерселерди ачып берет, окурмандын оюн багыттайт, автордун идея-темасын, проблемаларын дааналайт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сынчы маңгыт, хан Калдык, / Бекбачаны карады, / Турнабайын түз салып, / Турганына жолборстун / Карап Калдык таңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чакырып келип Сынчыны: / — Калк башкарган сен, — деди, / Кана, кайда ат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кабарын угуп Жалгызек, / Балапанды сураткан,, / Музой Калча сынчы эле, / Сурап барган кишиге, / Айткан кеби бул эле: / — Балапаным ак канат, / Мындан качып кутулуп, / Алдынан кайсы жан калат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Өөрчүп турган Тайбуурул, / Өрү калган Алгара, / Кандайлыктан жетпейт” — деп, / Сынчы Гүлүс чунагың, / Атты карап калды да. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Тулпарларын туйлатты, / Сынчыларга сындатты, / Ээр токумун, кийимин, / Окшош кылып ылгатты, / Алтындан кылган кемерди, / Көз уйалта курчатты, / Тандалган кырк үч жигитти, / Чар тарапка атказды, / Барчуу элге кат жазды: / “Келер жылы текеде, / Тойго келгин” –деп жазды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →