сына

китептерде 124 жолу, 10 китепте
  1. Сын, сыпаты, мүнөзү ж.б. жөнүндө белгилүү бир пикирге келүү, баа берүү; байкап көрүү; сынга алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түгөнүп эли азайса, / Бели сынат Бекбача, / Көрбөсөм да билемин, / Котендеги Козубек, / Азыктагы Алабек, / Жеркендеги Малабек - / Баары кары какчайган, / Сакалы аппак саксайган, / Жамандык кел… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эркиңе койдум нечен күн, / Эрдик жолун талашкан, / Эрди сынап көрөм деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жолборстук сыны тарады, / Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзанд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгызек сынап олтурат: / — Жетисуудан жем жеген, / Желбегей Сыргак ушу, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Күч сынашат, ээ! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →