сымбаттуу
- Келбеттүү, сымбаты келишимдүү, сындуу, көрктүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Суратпай берген күйкөнүн, / Ак шумкарча баасы бар, / Сымбаттуу сулуу жубандын, / Бир кызчалык баркы бар” / “Ырыстуунун үйүнө, / Жуучу келсин, баатыр, деп, / Ырысы жоктун үйүнө, / Доочу келсин такыр” деп, / Макал айтып, кеп жасап, / Кыз сурамай салты бар, / Куш сурамай наркы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Катындары уйаттуу, / Кыз балдары кымбаттуу, / Жубандары сымбаттуу, / Келиндери келбеттүү, / Бай-жардысын билгисиз, / Баарысы шуру-берметтүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суктантып ичти күйгүзгөн, / Сымбаттуу эчен узду алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сымбаттуу тууган Тынымкан, / Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, / Көрктүү сулуу Урумкан, / Мурунку көп сулуудан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бокор болсун кодоңдоп, / Сокур болсун олоңдоп, / Узун болсун сороңдоп, / Мулук болсун молоңдоп, / Ороо болсун короңдоп, / Улук болсун урматтуу, / Сулуу болсун сымбаттуу, / Асыл болсун кымбаттуу, / Сындуу болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →