сымбат
- Келбет, турпат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Самооруна чай койуп, / Дасторкон ачып буластап, / Бар тамагын жай койуп, / Сымбатуу кыргыз кыздары, / Чай куйуучу ушулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сымбатың сырдай кубулган, / Кубулжутуп туудурган, / Затыңды айткын сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйгөнүм Тапан сен турсаң, / Сүрөттөй болуп мен турсам, / Ишибиз кайдан оңолот, / Сымбатың менден шек кылсаң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ийриси жок түз көптү, / Сымбаты артык келбеттүү, / Сепкили жок ак бетүү, / Кайран эр кандай болор?!”деп, / Каңгырыктап эл кетти, / Жеткен жерде Кутургу, / Гүлүскө найза сайдырбай, / Сайдырбай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ат сурамак сымбаттан, / Эр сурамак келбеттен, / Сөз сурамак өрмөттөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →