сымаптай
- Сымап сыяктуу мөлтүлдөгөн, мөлтүрөгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балыктан бетер кылк эткен, / Сымаптай болуп, жылт эткен, / Айчүрөктөй амалдын, / Түбүнө билип ким жеткен?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…көрүнүп, / Таанымал көзгө даңкайып, / Таластын тоосу дедирип, / Туура болдуң эми, деп, / Тоого айтканы дагы бар, / Орто жериң ор болуп / Эки четиң көл болуп, / Сымаптай болуп жылтылдап, / Кирген күнү кылкылдап, / Кыз күлгөндөй шыңкылдап, / Жорго басык жылкыдай, / Ар бууланып кылтылдап, / Эми агар чагың, деп, / Сууга айтканы да…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошондо Сыргак баатырың, / Ак жолборстой кылт этип, / Алдында минген Телкызыл, / Койондон бетер булт этип, / Төгүлгөн жерге сымаптай, / Көрүнүп көзгө жыл этип, / Тор көтөргөн жүз балбан, / Бирине-бирин жеткирбей, / Чай кайнамда бүт алган, / Элүү торчо калганда, / Дагы барды жүз балбан, / Айк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушу жалган шум дүйнө, / Сымаптай болуп жылтылдап, / Оодарылып кылтылдап, / Алардан ашып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— деп карыган көзүнөн сымаптай мөлтүрөп, бетиндеги бырыштын изи менен кулап келе жаткан жашын жолдон тосуп алып, чертип жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →