сымап
- Күмүш түстүү мөлтүлдөгөн суюк оор металл, химиялык элемент.
- өт. Мөлтүлдөгөн, мөлтүрөгөн.
- өт. Колго токтобогон, мүлтүлдөк, жойпу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
кескен, / Каарданып хан Калдык, / «Такырбашты» кетирбей, / Таарый чапсам экен, деп, / Кармай алды сабынан, / Тартып алды кабынан, / Такыр баш болгон энебиз, / Сымаптан бетер жылтылдап, / Алдындагы сур атты, / Жыландай сойлоп кылтылдап, / Хан Калдыкка чаптырбай, / Чабар айла таптырбай, / Туман болуп көрүнүп, / Тунарыктан сөгүл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Он төрт ханы алаштын, / Өлбөй-житпей бары сак, / Бекбача жүрөт бир четте, / Көрүнгөндөн көрүнүп, / Кээде туман сөгүлүп, / Кээде жылдыз жылтылдап, / Кээде сымап кылтылдап, / Кээде жолборс күркүрөп, / Үнүн уккан кишинин, / Сийдиги агат бүркүрөп, / Карап көрсө хан Калдык, / Бекбачага таңданып, / Кара кулак шер экен, / Ук…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак куу болуп уча албай, / Асманга чыгып кете албай, / Сымап болуп жылт этип, / Көрүнбөй көзгө жылт этип, / Жерге сиңип кеткени, / Ангычакты болбоду, / Кубулжандын жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мөңгүдөн мөңкүп аккан суу, / Ак калпак кыргыз көп алаш, / Ар күнү таамын таткан суу, / Сымаптан сыны сапаттуу, / Айрылдым, суум, кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айтты Чүрөк жашырбай / Тузуңа сенин сийем деп, / Кармап алсам Чүрөктү, / Бардык сырын билем” – деп, / Оролто кармап мойундан, / Эмчегин издеп койундан, / Колтукка кысып аларда, / Арыптуу жеңең Айчүрөк, / Төгүлгөн сымап кептенип, / Көйкөлө түшүп жылт этип, / Үйдүн эпчи жагында, / Кашкайып карап турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →