сыла
- Колду акырын тийгизе сыйпап, жанып өтүү, сыйпай тийип өтүү; эркелетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жан кишиге шек бербей, / Ок менен бетин сылады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күйгөнү барып жем берип, / Сылап-сыйпап кашылап, / Келбегени жөн койуп, / Жүрө берди жан жыргап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап көргүн, деп, / Гүлүсүм айтып жиберди, / Силкисем чапан бүтөлдү, / Сыласам сакал жетилди, / Ошондон бери карата, / Жүзүн көрөм деп жүрдүм, / Артык Семей жетимди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суркойондой күлүктүн, / Соорусунан сылады, / Көзүнүн жашын тыйбады, / Как какшап жана ыйлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал каалганы ачып кирсе, караңгы үй, төрдө бир кыз чачын сылап отурат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →