сыйпала
- Сыйпап кармалоо, кол тийгизип кармалоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Татылда көзүн ачканча, / Сак колу менен сыйпалап, / Чокморун таап алганча, / Арстан туулган Бекбача, / Капталга чаап какшатып, / Кабыргасын кыйратып, / Далыга чаап балталап, / Кыр аркасын талкалап, / Кашка жи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыр айткансып Шоорук хан, / Сыйпалатып угузуп, / Бир күнү эрте тургузуп, / Ырыскан көздөй жөнөдү, / Туйунуп калды Темир шаа, / Көзүнүн жашын чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…Жер силкинип таш кулап, / Аңтарылып кетсе да, / Кененбеген берениң, / Кыйшайа берип шалк этип, / Ат капталга сулады, / Калмактын сайган найзасы, / Ээрдин кашын сыйпалап, / Каңкып кетип кур калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жердин бетин сыйпалап, / Жүзүнө сүртүп шыйпаңдап, / Күлүмсүрөп жылмайып, / Карап турду бир далай; / Бир мезгилде карасаң, / Кой оозунан чөп албас, / Коңур чечен Ажыбай: / — Эңкейип белиң бүгүлгөн, / Эңчелеңдеп жүгүнгөн, / Жайыңды айтчы, ким элең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →