суу1

китептерде 1594 жолу, 10 китепте суу 2 →
  1. Булак, өзөн, дарыя, көл, деңиздерди пайда кылуучу, химиялык жагынан алганда водород менен кислороддун кошулушунан келип чыккан түссүз суюктук.
  2. Өзөн, дарыя.
  3. Кургак эмес, ным.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыт калдык кеп баштап: / «Уйалба Курчун деп баштап, / Кыргыз деген эл экен, / Аба ачык, суу тунук, / Тоо бойлоп жүрүп ар кайда, / Тили тактын бири экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кутубай ага Таластан, / Жети суу барып кул болду, / Жакшы –жаман күндөрдө, / Силер менен бир болду, / Бирге барып бир келди, / Бул өңдөнүп ким келди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Баланы кандуу сууга соёлу, эгер биз кандуу сууга киши сойбосок бизди астырып өлтүрөт, – деп баланы акчага сатып алып барып сууга соердо, бала: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →