суусун
- Суусагандык, чаңкагандык.
- Суусунду кандыруучу, суусаганда ичүүчү суюктук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүйрөп келди беш күптү, / (Жыкбы, бөксө, билбейим) / Бешөөнү башка беш жутту, / Канбады окшойт суусуну, / Тоңкойуп жатып суу жутту, / Айак жагын агындын, / Так какшатып кургатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суктанса суусун кандырып, / Бар кайратын жам кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →