сууса

китептерде 60 жолу, 8 китепте
  1. Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү.
  2. Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу.
  3. өт. Эңсөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Шер Кененим ошондо, / Калгандарды байкады, / Коросондун Кесилет, / Кылган иши кесирет, / Кесилет менен беттешип, / Тирүү калыш кыйын кеп, / Суусамырда тынч элге, / Аралап барып тийерде, / Саламат жетти бетме-бет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эртең хандар келет деп, / Эл күтүнүп турганда, / Суусамырдын белинен, / Дүркүрөгөн чаң чыгат, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Ар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суусамырды сапташып, / Ат кулугун тапташып, / Тоонун баарын сакташып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кербенчилер да суусаган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →