суур2

китептерде 328 жолу, 10 китепте суур 1 →
  1. Кындан, катылуу жерден же бир нерсенин арасынан алып чыгуу, тартып чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Манастан бери карата, / Мына бу турган буруттун, / Барбаган жери калбады, / Барган жерин соо койбой, / Баатырдын баарын жалмады, / Сегиз миң жыл жашаган, / Жүйрүн өңдүү чоң дөөнүн, / Сууруп тилин жеп алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Өзүнчө болот чоң капа: / “Сырттан болсо ушул кыз, / Сырымды менин билер – деп, / Аз болгондо үч жылда, / Араң мында келем” – деп, / Жаага атчу саадактан, / Сууруп алды бир жебе: / — Бул айылда калсын, — деп, / Унчукпастан эч кимге, / Ыргытып ийди жөнөөрдө, / Элебей элдер калыптыр, / Көкөй көрө салыптыр, / Кыргыйдан мурун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыргыздан чыккан кара көк, / Кызматы элден бөпбөлөк, / Жойкуманы кынынан, / Сууруп колдо алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп Канчоро айтканда, / Токтоно албай Керменбай, / Кылычын кындан суурганда, / Көкжалыңдын Сейитек: / — Кылычты кындан тартышың, / Кой, Керменбай кеп эмес, / Мен курбалдаш киши деп, / Гүлүстөн абам алдында, / Айтпады беле далай кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →